www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам укуктарын коргогон «Бир дүйнө – Кыргызстан» кыймылы Конституциялык сотко кайрылып, Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамга мындан 2 жыл мурда, 2021-жылдын июнунда кошулган өзгөртүүлөрдү карап берүүнү суранды. Ал өзгөртүүлөр боюнча, бейөкмөт уюмдардын кирешеси купуя сыр болбош керек жана ал уюмдар жыл сайын Салык кызматынын сайтында каржы булактары менен каражатты эмнеге короткону тууралуу отчёт чыгарып туруш керек.

Сот арызды кабыл алып, маселени 17-май күнү карамай болду. Бирок мына, бир ай мурда, 19-апрелде, ушул эле Конституциялык сот министрлер кабинетинин арызын карап, пенсия менен жөлөк пулдар жашоо минимунунан төмөн болбош керек деген конституциялык талапты өкмөт аткарбай эле койсо болот деген чечим чыгарган.

Ошондуктан, соттун жаңы чечими дагы жарандак коом эмес, майызамды өзгөрткөн бийликтин пайдасына чыгарылат деп божомолдоо мүмкүн. Мурдагы күнү, 11-майда, Мадумаров Жогорку кеңеште айткандай, 30 жылдан бери Конституция көп эле жолу бузулду, бирок ал тууралуу бийликтин башы өтө деле оорубайт.

Последние новости