www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир тонна бешбармактын Гиннестин рекорддор китебине киргенин тастыктаган расмий сертификат тапшырылды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, сертификатты тапшыруу аземи Бишкектеги соода борборлорунун биринде калың элдин катышуусу менен өттү.

Эске сала кетсек, 11.03.2018 бир тоннадан ашык бешбармак, 117 кулач чучук жасалып Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети ийгиликтүү өткөн.

Бешбармакты жасоого 40 ашпозчу, 30 жардамчысы менен кошулуп жалпы жонунан 70 ашпозчу тартылган. Аны даярдоого 650 килограмм таза тууралган эт, 700 килограмм камыр кетти. Камыр менен эт алдын ала чакан казандарда бышырылган. Ал эми чучукту эт азыктарын кайра иштеткен компаниялардын бири жасап келген.

Натыйжада пландалгандан ашып түшүп бешбармактын салмагы 1464 килограммга чыкса, чучук 117 кулачты түзгөн.

Уюштуруучулар Элнура Кулуева, Дана Абдыбекова баштаган топ даяр болгон тамактарды келген элге жана муктаж үй-бүлөлөргө таратып беришкен.

Улуттук тамакты даярдоого 8 жылкы союлган. Бирок ашыгы менен болсун деп кошумча дагы бир жылкы союлган. Тарыхый күнгө катышууга келгендердин саны 5000ге чукул болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости