www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун орус жарандыгы тууралуу маалымат буга чейин Интернетте тараган. Парламенттин 22-ноябрдагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина да анын кош жарандыгын текшерип чыгууну сунуш кылган.

Ош шаардык башкармалыгынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров "мэр Орусиянын жарандыгын алган эмес" деп билдирген.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын мыйзамы кош жарандуулукка уруксат бербейт. КРнын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 22-беренесинин 5-пунктунда башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчи кызмат орундарын ээлегенге укугу жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости