www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айтылуу ирландиялык мушкер (ММА) Конор Макгрегор жайгашкан Москванын "Ритц-Карлтон" мейманкасын бир нече ондогон дагестандыктар курчап алышты. Буга Конордун Хабиб Нурмагомедовдун атына айткан сыны себеп болууда.
Мында келишкен дагестандыктар Конордун Хабиб тууралуу, андан башка дегеле жалпы дагестандыктар боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүнү талап кылышууда.
Окуя боюнча видео соцтармактарга да тарап жатат.
"Бүгүн Конордун дагестандыктар менден качып жатышат деген сөзүн уктум. Эми биз келсек, мындагылар аны мейманкада жок деп айтышууда. Бирок, биз акырын пиджактарды ыргытып, Конор жогортон түшүп келгенче күтөбүз”, -деп айтат анда барган дагестандыктардын бири.
Эскерте кетсек, 24-октябрда Конор Макгрегор Москвага келип орусиялык журналисттер жана блогерлер үчүн маалымат жыйын өткөргөн. Анда Конор “Хабиб мени менен Москвада мушташуудан коркот. Ал болгону кимди жеңүүгө көзү жетсе, ошону менен гана рингге чыгат. Баарыбыз билебиз, дагестандар ким экенин. Алар Хабибге окшоп коркуп кача беришет. Мына, Хабиб өзүнүн пресс-конференциясынан да коркуп качып кетти”,- деп айткан эле.
Булак: NazarNews.kg