www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБдин алкагындагы 166 товардын жеңилдетилген бажы алымдары алынып салынат. Бул туурасында депутат Бакыт Төрөбаев ЖК жыйынында билдирди.

"2019-жылдын 1-январынан баштап 5 кодекс, 2 мыйзам ишке кирген. Мында өкмөттүн, парламенттин дарегине кандай гана сөздөр айтылган жок. Керек болсо Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп дагы кетишти. Эми болсо 1-январдан тартып 166 товардык позиция боюнча жеңилдиктер алынып салынат. Мисалы, азыр бир автонунааны чек арадан алып кирүү үчүн кошумча салыгына 500$ төлөп жатышкан болсо, 1-январдан тартып 5000$ ала башташат. Ортодо ишкерлер жапа чегишет", -деди Төрөбаев.

Ошондой эле депутат жакынкы аралыкта өкмөттөн бул боюнча кандай иштер аткарылып жатканы боюнча маалымат алууну сунуштады. Айтымында ишкерлер кайсы 166 товардын жеңилдетилген бажы салымдары алынып салынаарын билиши керек, -деп "Жаңы Ордо" гезити жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости