www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Вице-президент деген кызматты киргизип койсо туура болмок”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Баш мыйзамда президенттин жана аткаруу бийлигинин туруктуу иштөөсү камсыз кылынган эмес. Эгерде, президент кандайдыр бир себептер менен кызматын таштап (каза болуп калса, өз арызы менен же куулуп же качып) кетсе, же импичмент жарыяланып четтетилсе дагы 500-600 млн сом коротуп президентти жаңыдан шайлап, аткаруу бийлигин жаңыдан түзөт экенбиз. Себеби, ошондой кырдаал түзүлсө шайлоосу жок президент боло турган норма жок экен. Америкада ошон үчүн президент менен бирге, вице-президент шайланат. Мамлекет, бир секунда дагы президентсиз калбайт. Алардын Конституциясын негиз катары алгандан кийин, туура принциптерин дагы алып, чолоктотпой вице-президент деген кызмат киргизүү керек болчу. Андай болгондо биз үчүн абдан жакшы болуп түндүк-түштүк, аял - эркек, деген оорубузга дагы дары болмок. Андан башка президенттин ыйгарым укуктарын ар кандай чечмелегенге, манипуляцияга барып, жоопкерчиликтен кача турган нормалар жазылган. Мисалы, 89-беренеде аткаруу бийлигин президент ишке ашырат, анын ишмердүүлүгүн жетектейт. Башка беренеде, президент аткаруу бийлигинин башчысы. Ошону менен бирге 70-жана 90-беренелерде президент министрлер кабинетинин төрагасын дайындайт, ошол төрага министрлер кабинетинин ишмердүүлүгү үчүн президенттин алдында жоопкерчиликтүү экен. Президент аткаруу бийлигинин башчысы болсо, анын ишин ишке ашырса анан, анын аткарган ишине кантип башка адам жоопкерчилик алыш керек? Жоопкерчиликти өзү алыш керек да? 89-берененин 3-пунктунда президент министрлер кабинетинин, актыларын жокко чыгарат экен. Бул таптакыр туура эмес, логикага дагы жатпайт. Өзүнүн уруксааты менен анын администрациясы чыгарган актыларды кантип жокко чыгарат? Кандай актыларды? Мына ушундай, так, ачык эмес нормалар, кийин манипуляцияга жол ачат. Бул, Нонсенс. Президент өзү аткаруу бийлигинин башчысы болуп, анын ишмердүүлүгүн жетектесе, эмнеге тигиниси жооп бериши керек? Андан көрө ыйгарым укуктары көрсөтүлбөй капталдан киргизилген Госсекретарь деген кызматтын ордуна вице-президент деген кызматты киргизип, ошо төрага десе, окшошмок, эл тандаган президенттик башкаруу формасынын принцибине дагы анча мынча дал келмек, аткаруу бийлигинин туруктуулугу дагы сакталмак. Долбоорду окугандар айтып жатышат, “доссекретарга” вицени ыраа көрбөй, полномочиясы жок госсекретарды киргизишкенби” дешүүдө”, - дейт Исаков.
Булак: NazarNews.kg