www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду журналисттер ак үйдөн кармап алып, кечээ, Матраимовдордун “иш-чарасына” баргандыгы туурасында сурашты.
“Мен, биринчиден Райымбек Матраимовго эмес, Искендер Матраимовго баргам. Экинчиден, демалыш күнү болчу, жеке сапарым”, - деп бул жеке ишим деген таризде жооп кайтарып койду.
Кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов менен соттошуп жаткан учурда, аткаминерлердин бул кылыгы чоң талкууну жаратууда.
Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деп негиздеген.
Булак:NazarNews.kg