www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санкт-Петербургда жарандарды тоноп жүргөн, Кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар кыргызстандык мигранттарды коркутуп, күч колдонуп тоноп жүрүшкөн. Бул тууралуу КРнын ИИМнен кабарлайт.
КРнын жана Орусиянын укук коргоо органдарына буга чейин Санкт-Петербург жана Ленинград облустарынын аймагында азиат улутундагы кылмыштуу топтун балдары Кыргызстандын жарандарын тоноп, зомбулук көрсөтүп жүрүшкөндөрү туурасында бир топ даттануу түшкөн.
Кылмышкерлер, аталган аймакта мигранттарды коркутуп, уруп-сабап, урдап кетип, же туугандарына залал келтирүү менен коркутуп ири суммадагы акча өндүрүп жүрүшкөн.
Кармалгандар, Кара-Суу районунда 1981-жылы туулган А.Ж. Санкт-Петербургдагы кылмыштуу топтун “смотрящийи”, 1987-жылы Алай районунда туулган Э.А. анын “оң колу” болгон.
Учурда кылмыш иши козголуп, кармалгандар тергөө абагына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg