www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын космостук агенттиги SpaceX компаниясынын кемеси менен Эл аралык космос станциясына үчүнчү миссиясын учурду.

АКШ убактысы боюнча 10-ноябрь күнү кечинде (Бишкек убактысы боюнча 11-ноябрда саат 08:03тө) Флоридадагы космодромдон "Фалькон-9" ракета алып жүрүүчүсү космоско төрт астронавт менен чогуу "Крю Дрэгон" кемесин учурду.

 "Эндьюранс" атындагы кеме старттан 12 мүнөт 51 секунд өткөндөн кийин, "Фалькон-9дан" ажыраары менен дароо орбитага чыкты. Учуу планына ылайык, ал Эл аралык космос станциясына бейшемби күнү АКШ убактысы боюнча саат 19:10до (Бишкек убактысы боюнча 12-ноябрда саат 06:10до) конушу керек.

"Крю Дрэгондун" экипаж курамында астронавттар Раджа Чари, Том Маршбёрн, Кейла Бэррон жана немис космонавты Маттиас Маурер бар. Чари менен Бэррон Айга учуу үчүн НАСАнын "Артемида" программасы боюнча даярдыктан өтүп жатышат. Программа ийгиликтүү болсо алар XXI кылымда Жердин спутнигине кайтып барган алгачкы адамдар болуп калышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости