www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан 8-9 жыл мурун "Азаттык" кыргыздын түшүнүгүндө жок маалыматты алып чыгып, элдин талкуусуна коюптур. Ал, "Кыргызстанда гей-лесбиянкалардын укугу корголушу керекпи?"-деген тема!  Ал ток-шоу теле аркылуу бүт элге көрсөтүлүп, калк арасында катуу талкууга алынган. Гей-лесби деген кимдер деген суроонун арты менен, бул түшүнүк элге реабилитация болгон. Бул көрсө "Азаттыктын" атайын жасаган маалыматтык диверсиясы экен. "Азаттыкка" жаңы гана келген Али Токтакунов "Биз бүгүн сексуалдык ориентациясы өзгөчө адамдар жөнүндө сөз кылабыз"-деп бул маселени көтөрүп чыккан. Албетте "Азаттык" улуттук баалуулуктарды, тарых-маданиятты талкуулаганын, элге жайылтканын көргөн эмеспиз. Жалаң ушундай ыплас маалыматтарды элге жайылтуу менен алектенип келе жатат. 

Бүгүн бизде жылаңач аялдар, гей-парадчылар тууралуу көйгөй актуалдуу болуп баратат. Алар улам тамырын жайып, улутка коркунуч жаратып калды. Ушул агымдардын ишке ашуусуна алгач булар маалыматтык диверсия кылып,  талкууга коюп, элдин кулагын көндүрүп келишкен экен. Эми анын кесепети менен күрөшө албай убара болуп жатабыз. Азыр мыкты иликтөөчү деген Али Токтакунов көрсө убагында гейлердин тушоосун кесип, элге реабилитациялоо саясатын жүргүзгөн экен. Аны биз маңыроо эл убагында түшүнбөй калганыбыз өкүнүчтүү.  

Америка дайым Али Токтакунов сыяктуу жаштарды тартып, аларды  тарбиялап, бышырып, көп жыл даярдап анан улутка каршы салышат тура. Элдин ишенимине кирип, "мына ушул элдин чыныгы уулу" деген денгээлге чыгарышат. Анан анын колу менен улуттун уңгусун бузушат.  Бул саясий технология! Изилдей келсең эле артынан чубалып богу чыгат. Токтакунов көрсө периште эмес, гейлердин кызыкчылыгы үчүн маалыматтык талааны камсыздап берген манипулятор экен!

Назира Бегим 

Последние новости