www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Роза Отунбаева мындай пикирин бүгүн, 3-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачаарында сүйлөп жатып айтты.

- Айылдан ушунча көп адамдар келди, Бишкектин жарымы айыл болду. Эй, биз деген силердин деңгээлиңерге түшүп артка кете албайбыз .

Эртең бирөө менин офисиме келип, “эртең баарыңар жоолукчан жүрөсүңөр” десе, ошондой мезгил келеби? Эмненин негизинде кимдир бирөөлөр бизге көрсөтмө бериши керек?

Албетте, мен музейде сөзсүз эле аялдардын жылаңач фигурасын көрсөтүп жүрүүсүн, андагы айрым экспонаттарды актабайм. Бирок, ошону шылтоолоп эле тажрыйбалуу, өлкөнү өзгөртүүнү каалаган адамды кызматтан ыргытып жиберген туурабы?

Айылдыктар! Кичине оңолгула! Бир аз болсо да өзүңөрдүн маданиятыңарды көтөргүлө! Болбойт мындай. Заманбап искусство деген бар бүгүн, - деди анда экс-президент Отунбаева.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости