www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 2-ноябрында Орусиянын номери тагылган, терезелери караңгылатылган “Жигули” унаасы каршы тилкедеги келе жаткан Toyota Camry унаасы менен кагышты. Бул тууралуу жабырлануучу Эмиль Рысбаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.
Айтымында, кырсык 2-ноябрда түндө Токмок шаарынын 1-3- кичи райондорунун ортосундагы көчөдө болгон. Орусия мамлекеттик номуру тагылган, терезелери караңгылатылган “Жигули” унаасы Toyota Camry унаасын барып сүзгөн. "Жигули" унаасынын айдоочусу мас абалда болгону жанан ал милиция кызматкери экени маалым болгон.
“Унаа каршы тилкеден чыгып. Түз эле менин унаамды көздөй келди. Мен тормоз бергенге жетишпей калдым. Унаадан мас киши түшүп келип, ар кандай ысымдар менен өзүн тааныштырды жана бир жуманын ичинде унаамды оңдоп бергенге убада берген. Мен анын паспортун алып койгонмун. Кийинчерээк мен ал Токмок ОИИБинин кызматкери Кеңеш Нарынов экендигин билдим. Кырсыктын күнөөкөрү жолугушуудан качып жүргөндүгүнө бир айга чукулдады. Ал ар күнү унаамды оңдотуп берем деп убада берет.” -деп билдирет жабырлануучу.
Чүй облусунун ШИИБинин басма сөз кызматы видео көзөмөлгө түшкөн жаран 31 жаштагы Кеңеш Нарынов деп тастыктап, аталган ишке тергөө иштери башталып, жыйынтыгында окуяга юридикалык баа берилерин маалымдады.