www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Уссурийск шаарында стоматолог колунда үч жаштагы баласы бар аялды сабап салды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жаш эне баласынын тиши ооруп, эки күн тамак иче албай жаткандыктан ооруканага кайрылган.
Оорукананын кабылдамасы дарыгерге жөнөтүшкөн. Бирок, дарыгер себебин айтпай эле аны кабыл алуудан баш тарткан. Анда аял жазуу түрүндө баш тартууну суранган. Бирок, стоматолог анын өтүнүчүнө көңүл да бурган эмес.
Кайрылган адам телефонун чыгарып алып, видеого тарта баштаган. Дарыгер аялдын колунан телефонду жулуп алууга аракет кылган. Аялды колунан кайрып, күч колдонгон. Ал эми, ошол убакта үч жаштагы баласы колунда болчу. Натыйжада жабырлануучунун баш мээси чайкалып, эки манжасы сынган.
Учурда Саламаттыктык сактоо министрлиги бардык тергөө материалдарын өткөрүп берип, тергөө иштери жүрүп жатат.