www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Сасык тумоолоп калган окшойм» деп врачка кайрылгандардын жарымы суукка кабылган болуп чыгышат. Аларга врачтар ОРВИ деген диагноз коюшат. ОРВИ деген эмне жана анын сасык тумоодон кандай айырмасы бар?
Дарынбаса өпкө кагынат
ОРВИ (острая респираторная вирусная инфекция) кыргызча – дем алуу органдарынын түрдүү вирустар козгоочу курч кармаган жугуштуу оорулары. Ал өз ичине сасык тумоонун вирусун, парагриппти, аденовирус, риновирусту жана башкаларды камтыйт. Вирус оорулуу адамдан соо адамга аба аркылуу (сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө) жугат. Суук тийүү абалыӊызды бир канча күнгө начарлатса, сасык тумоо бир нече күндөн 2-3 аптага чейин сизди «чеӊгээлинен» чыгарбайт. Дарыланбаса өтүшүп, пневмонияга (өпкөнүн кагынышы) чейин жеткирет.
Вирустан сактаныңыз!
Өзүӊүздү начар сезгенде дароо врачка кайрылыӊыз. Мурундун ичине 1 күндө 2 маал оксалин дары майын сыйпап, колду убак-убагы менен самындап жууп туруӊуз. Колуӊуз менен көзүӊүздү, мурдуӊузду кармалабаӊыз. Чүчкүрүп, жөтөлгөн адамдардан өзүӊүздү алыс кармаӊыз. Кокус жакын туруп калсаӊыз, кол аарчыӊыз же шарфыӊыз менен ооз, мурдуӊузду жаап, коргонуӊуз.
Чүчкүргөндө алаканыӊызга эмес, чыканагыӊызга чүчкүрүӊүз. Керек болгон кезде маска тагыныӊыз.
Суук тийүүдөн 1 күндө кантип айыгууга болот?
Төшөктө жылуу жатып, дене табы 38 градустан ашмайынча температураны түшүрүүчү дары-дармекти кабыл албоо керек. Майлуу жана куурулган тамак-аштарды жебей, суюктуктарды көп ичүү зарыл. Мурдуӊузду даяр туздуу аралашмалардын бирин (салин, аква-морис, аквалор, долфин) сатып алып, чайкаӊыз. Бутуӊузду жылуу кармаӊыз, жүндөн жасалган байпак кийсеӊиз эӊ жакшы. Эвкалипт, шалфей, ромашка же эмен кабыгынын кайнатмасынын буусу менен дем алыӊыз (ингаляция). Мында мурун аркылуу дем алып, демди ооз аркылуу чыгарыӊыз. Тамакты фурацилин же ромашка кайнатмасы менен 5-6 маал чайкаӊыз.
Сасык тумоодон дарылануу
Дары-дармектерди врачтын сунушу менен гана кабыл алуу зарыл. Кээ бирлер өз алдынча антибиотиктерди колдоно башташат. Бул туура эмес. Анткени сасык тумоо менен суук тийүүнү негизинен вирустар козгогондуктан, антибиотиктер вирустарды өлтүрө алышпайт. Муну билбей антибиотик кабыл ала берсе, адам пайда эмес, зыян табат. Себеби оору козгогучтардын антибиотикке туруктуулугу жогору болуп калат.
Эскертүү: Суук тийгенде жана сасык тумоологондо сүт ичпөө зарыл. Анткени ал организмде былжырды көбөйтүп, какырык менен чимкириктин көбүрөөк бөлүнүп чыгуусун шарттайт.
Организмди тумоо, суук тийүүдөн коргоочулар
1. Сарымсак, пияз – Иммунитетти бекемдеп, вирус менен күрөшүүдө организмге жардамдашат.
2. Кызыл болгар калемпири, лимон, апельсин – С витаминин камтып, иммунитетти бекемдөөдө жардамчылар.
3. Йогурт жана айран – Организмдин микрофлорасын бекемдеп, иммунитеттин көтөрүлүшүн шарттайт.
4. Бал – Тердетүүчү касиетке ээ, организмдин оору менен күрөшүүчү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
5. Суу жана кактардан жасалган компоттор – Организмдин оору козгогучтар менен күрөшүүсүн жогорулатып, зат алмашууну жакшыртат.
6. Малина менен карагат кыямы жана ит мурун – Булар C витамининин булактары, сезгенүүгө каршы таасирлерге ээ. Ит мурундун мөмөсүн майдалап, чай ордуна кайнатып ичүү сунушталат.
7. Сабиз, ашкабак – А витаминин камтышып, организмдин жугуштуу ооруларга жана суук тийүүгө туруштук берүүсүн жогорулатышат.
(Facebook социалдык тармагынан алынды)