www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп киши өлтүрткөнүн моюнга алды

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын аскердик стратеги, тышкы саясатынын идеологу болгон Касем Сулейманини “дүйнөдөгү №1 террорист” деп атады. Касем Сулейманини Трамп Американын дипломаттарына жана аскерлерине кол салууга даярданып жаткандыгын айтып, аны өлтүрткөнүн мойнуна алды.

“Өткөн түнү АКШ аскерлеринин кынтыксыз соккусунан улам дүйнөдөгү №1 террористти-Касем Сулейманини жок кылды”,-деп ал теледеги  билдирүүсүндө айтты.

Трамптын айтымында Сулеймани “Америка аскерлерине жана дипломаттарына кол салууну мерчемдеген”. Пентагон бейшембиде АКШ Иракта Иран генералын жок кылуу үчүн операция өткөргөндүгүн ырастаган. Курман болгондордун арасында Сулейманиден сырткары Ирак шииттери куралдуу күчтөрдүн командиринин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да бар болгон. Абу Махди аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Пампео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигине кол салууда айыптаган.

Ирандын жогорку лидери Али Хаменен Сулейманин өлүмү үчүн өч алууга убада берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости