www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата драмалардын республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын максаты — замандын курч көйгөйлөрүн камтыган жаңы образдарды жаратуу, турмуш чындыгын драма, трагедия жана комедия аркылуу чагылдыруу болмокчу.

Билдирмеде кыргыздын чыгаан эр азаматтарын даңазалап, улуттук драматургиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү сынактын бирден-бир милдети экени айтылган.

Сынактын талаптары:
Драмалык чыгармалар толук жазылып бүтүшү керек;
Драманын тематикасына чек коюлбайт;
Мурда жазылган жана театрларда коюлган, сынактарга катышкан пьесалар кабыл алынбайт; чоңдор жана жаш драматургдардын чыгармалары эки багытта бөлүнүп каралат. Улуу муундагы драматургдардын улуту жана кесиби боюнча чектөөлөр коюлбайт. Жаш калемгерлер 35 жашка чейин болушу керек;
Бир эле автор бир нече пьесалары менен катыша алат;
Пьесалар мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;
Сынакка жиберилген драмалар 21 беттен кем болбошу зарыл.

Пьесалар 2020-жылдын 15-февралына чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Iskusstvo [email protected] электрондук дарегине жиберилиши керек. Анда автор өзүн, дарегин, телефон номерлерин да сөзсүз жазып коюшу зарыл.

Аталган сынакка 315 000 сом каралган. Тандалып алынган чыгармалар министрликтин менчигине өтүп, 2020-жылы республиканын мамлекеттик театрларына сахналаштыруу үчүн жиберилмекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости