www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.
Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.
Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.
Бул жумадагы каарманыбыз айдай сулуу ырчы айым Элиза Орозова. 2015-жылы анын аткаруусунда жарыкка чыккан “Курбулар” аттуу ыры радио толкундарда көп ирет жаңырды. Ырдын клиби бүгүнкү күндө да алдыңкы музыкалык телеканалдарда көрсөтүлүп келет. Ыр жарыкка чыккандан бери Элиза ырдын автору “Мирлан Абдыраев” деп айтып келет. Ырчы айым ырдын плагиат экенин чынында билбейби же билсе да билмексен болобу? Балким, Мирлан бул ырды жазганда ырдын плагиат экенин Элизага эскерткен эмеспи айтор, белгисиз...
Ырдын түпкү нускасы румын элине таандык. Тактап айтканда, ырдын автору “Mandinga” тобу. Бул ырды “Mandinga” тобу 2012-жылы “Zaleilah” аталышында жарыкка чыгарып, хитке айлантып, “YuoTube” желесинде 29 885 900 көрүүчүнү топтогон.
Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, салыштырып, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg