www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акылбек Жапаров журналисттердин мүлкүн текшерүүнүн балекетин албай, атасынын атынан коюлган көчөгө шагыл төктүрүп койбойбу? Же Маевканын эң үстүнкү көчөсүнүн жашоочулары ага ишенген макоо болуп кала береби? Журналисттерге тийишкендин балекетин алабы, коррупцияга башы менен батып кеткен чиновник экени калппы? Ресторандарын, сайрандоо сарайларын, көп кабаттуу турак-жайларды салганга, айылда мал доктур болуп иштеген атасынан мураска миллиондогон долларды алганбы? Же министр кезинде ар бир ишканага которулган мамлекеттик акчадан 10 процент алып жүрүп байыганбы? Ошолорду текшерген киши жок.
Айтмакчы, Чыныбай Турсунбеков журналисттерге сый мамиле кылса да, "Акылинвест банкты" белек кылып аялына берген деп чыктык эле, эми журналисттердин талуу жерге тепкен Акылбек Жапаров Кант МИСти аялына сатып берип, белек кылып, Ыссык-Ата районунун бир айыл өкмөтүнүн 50 гектардай алма багын шылуундук менен сатып алып, бетон плиталар менен коруп, аны аялына берилген 17 миллион долларга сатып берген белегине кошумча кылган иштерин эчким сындабайт. А. Жапаров өмүр бою мамлекеттик кызматтарда жүргөн эле.
Аны эч ким айтпайт. Жапаров, акчаны кайдан алган?, — деген суроого деле жооп бар. "Мистер 10 процент" атка конгон өз убагында, Финансы министри болуп турганда топтогон да… А балким Америкадан бирөө мурас калтырдыбы? Эмнеге текшербейт, жанакы ГКНБ жана Башпрокуратура, дегендер? Мейли, мурас алды дейли, анда мамлекетке салыгын төлөдүбү Акылбек Жапаров? — деген суроону берген, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон бир да адам жок.
Салык төлөнбөсө, анда Акылбек Жапаров министр кезинде бюджеттен 10 процент "откат" деп коёт (пара) алгандыгын далилдеп кабыл алып, Жапаровдон жооп талап кылса болот беле? Эмнеге биз Текебаев менен Атамбаевден аны талап кылабыз да, бюджеттин эсебинен байыган чиновниктен коркобуз? Текшерип эсептеп чыгуу деле, оп-оңой. А. Жапаров канча убакыт Финансы министри болуп иштеди, жана ошо кездеги бюджетти көтөрүп, анын 10 процентин чыгарып, Жапаровко кайтартыш керек…
Накталай кутула албаса, анда мүлкүн аукцинго коюп, бюджетке 10 пайызын, элдин акчасын кайтарыш керек. Бу "Кудайдын тумшугунан түшсө да, Текебаев менен Атамбаевден эмнеси артык? "Акча өндүрүү жолу менен жашап калышты" деп журналисттерди ким айтса да, ушу "кессе кан чыкпаган, жейин, жутайын” деген шылуун айтпаса болмок эле.
Булак: "Жаңы Ордо"