www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кабыл алынып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун "Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" демилгеси, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин "Ынак коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк принциптери жөнүндө" билдирүүсү ШКУнун туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймагын курууга болгон жалпы умтулуубузду толугу менен чагылдырат”, - деп президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Казакстандын Астана шаарында ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында белгиледи.

Отурум Беларустун ШКУга толук кандуу мүчөлүгү тууралуу документке кол коюу аземи менен башталды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөн күнүнөн баштап, ишмердик чөйрөсүн кеңейтүү менен, өзүнүн өнөктөштүк потенциалын да ийгиликтүү өнүктүрүп, арттырып жатканын белгиледи. Ал президент Александр Лукашенкону Беларустун Шанхай кызматташтык уюмунун толук укуктуу мүчөсү статусун алгандыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы кабыл алынып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун "Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" демилгеси, ошондой эле ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин "Ынак коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк принциптери жөнүндө" билдирүүсү ШКУнун туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймагын курууга болгон жалпы умтулуубузду толугу менен чагылдырарын баса белгиледи.

Садыр Жапаров терроризм, киберкоркунучтар жана эл аралык кылмыштуулук сыяктуу учурдагы глобалдык көйгөйлөр кылдат көңүл бурууну жана биргелешип иштөөнү талап кыларын жана Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча борборду түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын сунуштаган демилгеси маанилүү экенин айтты.

Президент өз сөзүндө соода-экономикалык байланыштар маселелеринде өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелер экономикалык глобалдашуу шартында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу экономикалык жана финансылык бакубаттуулугунун негиздеринин бири болуп саналарына басым жасады.

Ал ачык экономиканы калыптандыруу жана көп тараптуу соода системасын бекемдөө максатында ШКУнун бардык мейкиндигинде соода тоскоолдуктарын кыскартуу боюнча ишти улантууга чакырды. Садыр Жапаров кыргыз тарап ШКУ Өнүктүрүү банкы жана ШКУ Өнүктүрүү Фонду сыяктуу долбоорлорду каржылоо үчүн атайын институтту түзүү зарылдыгын бир нече жолу белгилегенин эске салды.

Президент мамлекет башчыларынын кеңеши "Шанхай кызматташтык уюмунун долбоордук ишмердигин финансылык жактан коштоо механизмдери жөнүндө" чечимин кабыл алуусу - Өкмөт башчылар кеңешине ШКУнун экономикалык күн тартибиндеги негизги маселелердин бирин ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берээрин канааттануу менен айтты. Мындан тышкары соода байланыштарын илгерилетүүдө санариптик технологиялар олуттуу роль ойной алат, алар келечекте соода процедураларын жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров тармактык министрликтерге жана ведомстволорго Уюмдун алкагында түзүлгөн шарттарды колдонууну жана санариптик экономиканы жогорку сапаттуу өнүктүрүүнү колдоо боюнча чараларды иштеп чыгууну жана экономиканын реалдуу секторуна санариптик технологияларды интеграциялоону сунуштады.

Президент Кыргызстан 2025-жылы Бишкек шаарында ШКУ жаштарынын санариптик форумун өткөрүүнү пландап жатканын билдирип, бул иш-чара ШКУга мүчө-мамлекеттердин санариптик технологиялар жана жаштар саясаты жаатында регионалдык кызматташтыгын бекемдөөгө олуттуу салым кошот деген ишенимин айтты.

Транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү жана колдо болгон инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу контекстинде, Садыр Жапаров Кыргызстан эл аралык автомобилдик ташуулар жана транспорт жаатындагы башка документтер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуунун практикалык ишке ашыруусун жактай турганын белгиледи.

Буга байланыштуу, бүгүн бекитилген ШКУга мүчө-мамлекеттер менен ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн Жол картасы соода, инвестиция, банк иши, транспорт, энергетика, ошондой эле туризм жана билим берүүнү кошо алганда, маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзөт.

Президент өз сөзүндө экологиялык коопсуздук жана туруктуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Ал Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу глобалдык экологиялык чакырыктарды чечүүдө, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин азайтууда жана ага адаптациялоодо кошумча салым боло тургандыгын айтты.

Президент белгилегендей, Кыргыз Республикасы үчүн энергетика тармагын ийгиликтүү жана туруктуу өнүктүрүү маселелери абдан актуалдуу жана маанилүү болуп саналат. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин энергетикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки бекитиле турган Стратегиясы бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, энергияны үнөмдөөгө, энергиялык майнаптуулукка жана гидроэнергетикага тиешелүү долбоорлорду илгерилетүүгө чакырат. Мында мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши суу ресурстарынын кыскарышына коркунуч туудурат, бул азыр эле айыл чарбасынын абалына терс таасирин тийгизүүдө жана азык-түлүк коопсуздугу маселесине алып келүүдө.

Садыр Жапаров Кыргызстан тоолуу өлкө катары 2000-жылдардын башынан бери тоо проблемаларына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп келерин айтты.

Ал "Тоо беш жылдыгынын" жыйынтыктоочу этабы катары 2027-жылы Кыргызстанда экинчи Глобалдык "Бишкек+25" Тоо саммитин, биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин өткөрүү пландалып жатканын белгиледи.

Маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн айтып, президент кыргыз тарап жыл сайын ШКУнун Ысык-Көл марафонун өткөрүп, ал дагы Уюмдун имидждик долбооруна айланганын маалымдады.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров отурумду жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирип, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди ШКУдагы төрагалыкты кабыл алышы менен куттуктады.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы Регионалдык антитеррордук түзүмдүн Аткаруу комитетинин директорлугуна Уларбек Шаршеевдин талапкерлигин колдогондугу үчүн баарына ыраазычылык билдирди.

Последние новости