www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбаева жеди беле деги?

Мыйзамдагы өздү көрсө жүз тайыйт болгон кош стандарттуулук качан токтойт болду экен. Дегенибиз, учурда коомчулук каржы министри Бактыгүл Жээнбаева кылтактан кантип чыгып кетти дегенге жооп таба албай баштарын катырышууда, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.

Ырасында, буга дейре анын иш кабинетин укук коргоочулар тинтип, кылмышка шектүү деп эсептешкен кагаздарды алып кеткени иш ың-жың болду. Башкача айтканда, Каржы министрлиги Соттук өкүлчүлүк борборуна 1,5 млн. сомдун ордуна кошумча акча катары 6 млн. сом бөлгөнүн жана акча дарексиз пайдаланылганы боюнча Финпол министр айымды суракка чакырган.

Бирок Жээнбаева ал кезде суракка барбай, президент Жээнбеков менен кошо чет өлкөгө сапарга бирге кеткен. Ошону менен "Кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты" болду да калды. Мына биздеги абал. Жасалма күрөш. Кош стандарттуулук.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости