www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен болгон  жолугушуусунда айтты.

Анда президентке кайрадан эле “Райым миллион” тууралуу суроо берилип, ажо аталган суроого жооп кайтарды.

- Райымды баары мага жабыштыргысы келишкен, тилекке каршы, андай максаттары ишке ашпай калды. Албетте, мен аны тааныйм. 2010-жылы мен Ош областына губернатор болуп дайындалганда Азимбек Бекназаров ал тууралуу маселени көтөргөн. Анда Райым Ошто бажы төлөмдөрүн 156 пайызга ашыгы менен аткарган. Анан ал кездеги бийлик аны жетекчи кылды, кийин Бишкекке алып келишип, Кыргызстан боюнча Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары кылып дайындашкан. Мен 2017-жылдын 24-ноябрында президенттик ишке кирсем, Райым Матраимов жогорудагы кызматынан 23-ноябрда кеткен. Эми болбой эле өздөрү иштеп чыккан схеманы – коррупциянын символу катары Райымды мага “жабыштырып” жатышат. Бул албетте, туура эмес! Далилдерди бергиле, орган кызматтары текшеришсин. Баары ар нерсени айтышат, бирок далил жок болуп жатат, -деди президент

Эскерте кетсек, жолугушуу эки сааттан ашык убакытка созулуп, мамлекет башчысы 26 катышуучунун суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү. Андан соң баарлашуу бейформал маанайда улантылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости