www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окурмандын суроосу:
- Ассалам алейкум. Жашым 22де, бойдокмун, жыныстык катнашта болгон эмесмин. Негедир акыркы кезде болбогон эле нерселерге дүүлүгө турган болдум. Өзүмдү өзүм эч качан канааттандырбайм.
Бойдок эркек үчүн бул нормалдуубу? Же ден соолугумда кандайдыр бир көйгөй барбы?
Адистин жообу:
Азат Бейшенов, уролог:
- Алейкум ассалам. Бойдок эркектер үчүн мындай өзгөрүүлөр күтүлгөн нерселер. Жыныстык катнаш башталгандан кийин бардыгы өз ордуна келет.
Өспүрүм курактан тарта адамдын организми ырахат алууга муктаж боло баштайт. Мындай учурда мастурбациянын эч кандай зыяны жок. Өзүн канаттандыруудан качкан учурда эротикалык түштөр кирет. Ошондо эркектерде түнкү поллюциялар пайда болот.
Поллюция – бул эркектердин уругунун өз алдынча чыгышы. Көбүн эсе уктап жатканда болот.