www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын мурдагы мүчөсү, Жеңиш Акматов, "Парламенттик шайлоодо Чыныбай Турсунбеков менен Туйгунаалы Абдраимовдун жылдызы жанат" деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.
-Боршайкомдун бир кездеги мүчөсү, шаилоолорго такай аралашып жүргөн адис катары азыркы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?
-«Алыбек алына жараша» дегендей, иштеп жатышат. Жаңы бийликтин тушундагы кылган иштери - өздөрүнө өздөрү берген баа. Менимче, Рузвельт айтса керек эле, «бизнесмендер өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын ойлойт, мамлекетти ойлобойт» деп. Азыркы парламентте да бизнесмендер көп.
-Эмки шайлоодо кайсы партиянын шансы канчалык деп ойлойсуз?
-Азыр айтыш кыйын го. КСДП өзүнүн баш - аягын жыйнай албай жатат. Эми алардын мындан аркы убактысынын көбү соггошуу менен өтөт окшоп калды. Ал эми «Ата Мекен» болсо, шайлоого катышканга каржы таба алабы - албайбы, билбейм.
Менимче, «Ата Журт» менен «Республиканын» шансы бар. Мендеги маалымат боюнча, «Республиканы» Чыныбай Турсунбеков алып, өзү каржылап, тизме боюнча биринчи өзү кетет экен. Дагы бир маалыматтан алсак, келаткан шайлоодо Туйгунаалы Абдраимов арбын упай алат, деген Жеңиш Акматов "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg