www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көркөм тасмаларда терс каармандын образын жараткан актёрлор элдин баарына эле анча жага бербесе керек. Айрым көрүүчүлөр аларды чыныгы жашоодо да жек көрүп калышары тууралуу да эл арасында ар түрдүү маалыматтар айтылып келет. Анда кыргыз киносунда өздөрүнүн ээлешкен салмактуу орду бар, көп учурда тасмада терс каармандардын ролдорун аткарышкан кыргызга таанымал бул инсандар тууралуу кеп кылып көрсөк. Кыргызды кыйырга тааныткан актёрлор
Өмүрү өзгөлөргө өрнөк болгон инсан
КРнын Эл баатыры, Кыргыз театр сахнасынын чебери, миңдеген көрүүчүлөрдүн сүйүктүү актрисасына айланган Сабира апабыз Фрунзе педагогикалык техникумунун жогорку курсунан билим алган соң алгач башталгыч мектепте болуп эмгек жолун баштаган экен. Кийин ташкындаган талантынынын негизинде театр тармагына аралашып калган учурда сахнада кайталангыс образдарды жаратат. Көптөгөн эпизоддук ролдордо актёрлук чеберчилигинин күчтүүлүгүнүн натыйжасында тасмадагы терс каарман катары таанымал болуп, көпчүлүккө жашоодо да начар адамдай сезилгендиги айтылат. Кызыгы, айрым тасмаларда оң каармандын ролун жогорку деңгээлде аткарса да анысы эске алынчу эмес окшойт. Айрыкча, “Ак Кеме” тасмасы тартылып бүткөндөн баштап көп адамдар актрисаны кадимкидей жек көрүп калышкандыгы таң калтырса, бир чети күлкүңдү келтирбей койбойт экен. Бул тасманы жүрөгү менен кабыл алгандыктан ошол мезгилдеги кээ бир жаштар ага автобустун ичинен орун бербей атайын олтуруп алышып же салам айтпай тескери карашкандыгын да айтып калышат. Жолдон көрүп калышса: “Баягы мастан кемпир баратат” деп сөөмөйүн кезеп көрсөтүшүп шыбырашкандарын кантесиң... Ал эми жашоодо адамгерчилик бийик сапаттарга ээ болгон актрисанын эмгеги бааланып өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин бакубат карылыктын доорун сүрдү. Кыргыз киносунун тарыхында ысымы алтын тамгалар менен жазылып, өмүр өзгөлөргө өрнөк болгон инсан катары элдин эсинде калды.
Замандаштарынын эсинде калган залкар талант
Кыргыз ССРинин Эл артисти С.Жумадылов Ташкенттеги Н.Островский атындагы театр өнөрү институтун аяктап келген соң Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрына актёр катары кабыл алынып, өмүрүнүн акырына чейин жарым кылымга жакын эмгектенип, эки жыл ушул театрда көркөм жетекчи болуп кызмат өтөптүр. Сахнада драмалык, трагедиялык жана комедиялык маанайдагы ролдорду эң жогорку артисттик чеберчилик менен аткарып, чыгармачылык көрөңгөсү өтө кеңири болгондуктан сахна өнөрүн баалагандардын кумирине айланган инсан. Ошону менен бирге көптөгөн орус тилдүү тасмаларды кыргызча сүйлөтүүдө чоң эмгек жасаган. Кыргыздын улуттук радио жана телевидениесинде ишке ашырылган телеспектаклдерде ойноп, прозалык чыгармаларды көркөм окуп, талантынын дагы бир кырын гана ачпастан аталган тармакка да чоң ийгилик алып келип, зор салым кошкон. Бул актёр да көптөгөн тасмаларда жалаң бай, бийлердин ролун жараткандыктан элдин кыжырына тийсе керек. Белгилүү кинорежиссёр Д.Садырбаевдин “Махабат дастаны” аттуу көркөм тасмасы тартылгандан кийин жек көрүндүгө айланып, аз жерден көпкөн жигиттерден таяк жеп кала турган жагымсыз окуяга кабылган дешет. Угушубузга караганда, “Тээтиги кишини тепкилейбиз. Раймаалы менен Бегимайдын өрттөлүшүнө ушунун да тиешеси бар-, дешип кадимкидей эмоцияга алдырышыптыр. Даңкы далайга жеткен Советбек агабыз: Дүйнөгө түркүк болмок белем, мен дагы Ала-Арчадагы туугандарымдын катарына кошулам да бир күнү”-, деп кээде досторуна тамашалап айтып калчу экен...
Көркөм тасмалардын көркүн чыгарган актёр
Кыргыз ССринин Эл артисти О.Кутманалиев Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисти болгондон тышкары Кыргыз радиосу менен телевидениесинде да үзүрлүү эмгектенген. Учурунда үн режиссёру катары Республикалык куурчак театры жана Кыргызфильм киностудиясында да кызмат өтөгөн. Көркөм тасмаларда көрүнүктүү актёр катары элге кеңири таанылган. Көп кырдуу таланттын ээси катары Орозбек ага да тасмада терс каармандардын ролун жаратып көпчүлүктүн көңүлүн калтырган окшойт. Анын жогоруда кеп кылган “Ак Кемеде” башкы каармандардын бири-Момун чалды сабаган учуру бар эмеспи. Бул тасма тууралуу актёрго байланышкан мындай маалымат бар: Тасманы борбор калаабыздагы “Октябрь” кинотеатрынан жаңы эле көрүп чыгышкан эки студент ошол театрдын жанындагы ашканада тамак ичип олтурушканда, ошол маалда Орозбек ага да тамактанганы кирип калыптыр. Эки студенттин бирөөсү: Байкуш чалды ушул шүмшүк сабаган. Жүрү барып сүйлөшүп коёлучу-, деп ордунан туруп кадимкидей чатак чыгарып актёрго жулунганда ошол жердегилер арачалап иштин жайын түшүндүргөн экен. Ошондо гана ал жигит актёрдон кечирим сурап алдынан өтүптүр. А бирок аталган тасманы тартуу учурунда актёр агабыз башында образга жакшы кире албай режиссёрду убара кылгандыктан, акыры андан тил укканына ызаланып Момун чалды катуу эле сабап салыптыр да, көрсө. Эмесе ушундай окуяларды уккан соң “Кино эмес кыйноо” деген сөздүн маанисин түшүнөт экенсиң...
Нурислам Кабакбеков
Булак: NazarNews.kg