www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-ноябрда NazarNews.kg сайтында “Лейлектин контрабандисттери чек араны шылтоолоп шылуундук кылгысы келеби?” – деген макалабыз жарык көргөн. Анда Баткен облусунунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев тууралуу сөз болгон. Ал макала жарык көргөндөн кийин кеңсебизге Баткен облусунунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев өзү келип, аталган макалага жообун берип кеткен.
Ал өз сөзүндө Баткендеги талаш аймактары тууралуу сөз кылып, Лейлек району Кыргызстандын негизги аймагынан бөлүнүп, анклавга айланып баратат. Тегерек-четин тажиктер басып алды деп туталанган.
Ал кандай жол менен ишке ашууда? Тажик жарандары бош калган кыргыз үйлөрүн сатып алып, кийин эле үй менен кошо жер дагы меники деп чыга келет. Андай жагдайга Сапарали Бөрүбаев биринчи кезекте мурдагы Баткен ОИИББ, Баткен губернатору азыр вице-премьер-министр болуп, креслодо чалкалап отурган Жеңиш Разаковдун айыбы чоң деди. “Аны Баткен облусунун бардык тургундары билет, эмнеге эле Разаков алмашкыс “баатырга” айланып, ордунан солк этпейт? Ал тажиктин тыңчысы, тыңчы экендигин Баткендин ар бир короосуна кирип сурагыла, баары билет. Аны бетине деле айтып берем” – деди Бөрүбаев.
Бул сөздү жөн гана Баткендин карапайым адамы айткан жок. Бакыйган бир айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы айтып жатат. Анын далили катары дагы бир мисал келтирели!
Кечээ, 14-ноябрда, көчөдө эмес, парламентте! вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “чек арадагы кыргыз үйлөрүн тажик жарандары сатып алган, бирок жер биздики. 50 үй тажик жарандарына сатылып кеткен” –дейт. Ким? Разаков! Вице-премьер-министр! Мындай даражадагы адам тарабынан чет элдиктер менен алып-сатуу фактысын таануу бул өзү чыккынчылык!!! Демек ал өкмөт андай алып-сатуу фактысын тааныйт дегенди түшүндүрөт!
Буга ким жооп берет? Разаков шефи Абылгазиевдин мурдунун алдында ушинтип дөөрүп жатса, премьер унчукпаса демек, ал дагы “тыңчы”, аны менен табакташ болуп, тажиктин улуттук тамагы болгон “курутобду” бирге жеп отурабы? – деген арам ой келет экен. Ай ушул Бөрүбаевдин сөзүндө чындык бардай...
Д.Өсөров
Булак: NazarNews.kg