www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы башкы консулу, капысынан эле “сопу” боло калган Эркин Сопоковдун ишмердигин Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуратура жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ изилдегени Стамбулга сапар тартты.
Белгилей кетсек, президенттин жарлыгына ылайык Эркин Сопоков кызматтан "тебилген". Ага себеп, Стамбулдагы консулдук кызматты аркалаган Сопоков уйгур улутундагы ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин талкууга алынып, Саймаити өлтүрүлгөн кезде анын жанындагы «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү автоунаа консулга таандык экени жана анда дипломатиялык номер тагылып жүргөнү айтылган.
Айрым такталбаган маалыматтарга таянсак, Сопоков Түркиядан чыгып кеткени айтылууда. Аны менен бирге эле ал ишкер Саймаити менен байланышы жөнүндө эч кандай маалымат бере элек.
Айрым маалыматтарга таяна турган болсок, Эркин Сопоков “Кыргызавтомашта” айдоочу болуп иштеп жүргөндө Атамбаевдин жеке шоопуру болгон. 2010-жылы апрель окуясынан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аны президенттин иш башкармалыгына караштуу "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясына кызматка алып келген. Кайра Аяз атанын сыйкырчы таягы менен эч кандай тажрыйбасы жок туруп, Атамбаев Сопоковду Түркияга башкы консул кылып жөнөткөн.
Ал эми маркум Саймаити болсо Атамбаевдин “акча ташыгычы” болгондугу азыр ачык эле билинип калды. Ошондуктан ал Стамбулда дипломатиялык номер менен тайраңдап жүргөн. Атамбаевдин мурдагы айдоочусу Эркин Сопоков Саймаитиге “крыша” болгон. Эсиңерде болсо Атамбаев Сопоковду Стамбулга Башкы консулдукка дайындаганда “Кыргызавтомаштын” “шопуру” эми башкы консул болобу? - деген нааразычылыктар болгон.
Ага карабай Алмазбек Атамбаев өзүнүн жарлыгы менен айдоочусун эл аралык жооптуу кызматка дайындаган. Өкүнүчтүү жери Сооронбай Жээнбеков ушуга окшогон АШАнын сасыткыларынан өлкөнү эрте тазалабай кармап жүргөнү болуп жатат. Мынжай пикирин Фейсбук колдонуучу Жаныгул Темир жазып чыккан.
Булак: NazarNews.kg