www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр ИИМдеги интриганы сөз кылбаган адам калбады. Айрыкча, Кой-Таштагы ийгиликсиз операциядан кийин ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев ордунда калып, Атамбаевди колго түшүргөн "Баатыр" Курсан Асановго кылмыш иш козголуп, заматта кызматынан кол жууп, милициянын "чыккынчысы" деген ярлык жармаштырылган соң көп сөз айтылды...
Жунушалиев дагы жакынкы күндөрү кызматтан алынары, ага да берилчү суроолор даяр турганы чындыкпы? Кашкар өз милдетин аткара албады деген пикирлерди кайда катабыз? ИИМ бир адамды суракка алып келе албай, "паралич" болду дегендер калп айтып жатабы? Курсан Асановдун адвокатынын Жунушалиевге койгон дооматтары чындыкпы? Бийлик башындагылар Жунушалиевди кызматтан алып, жоопкерчиликке тарта турган болсо, ИИМ башчысынын абалы чатак болобу? Тиреш деген сөзсүз бирөөсүн жоготот эмеспи, Курсан менен Кашкардын тиреши, эки генералдын тең келечегине балта чапканы туру... Бул тууралуу "Жаңы Ордо" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg