www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамптын командасындагы дагы бир жогорку кызматтагы чиновник орусиялык расмийлер менен жолугушкан деген айыптоолорго кабылды.

АКШнын Юстиция министрлиги бул кызматтын башында турган Жефф Сешнс өткөн жылдагы шайлоо өнөктүгүн учурунда Орусиянын Вашингтондогу элчиси менен эки ирет жолугушканын тастыктады. Январда Сешнс Башкы проркурорлук кызматка бекитилип жатып, Конгрессте ант берген учурда бул айыптоолорду кескин четке каккан эле.

Шаршембиде Washington Post басылмасы өткөн жылы Жефф Сешнс Алабаманын сенатору болуп турган учурунда Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк менен эки ирет сүйлөшкөнүн жазып чыккан.

Бул окуя андан ары карай дагы өнүктү, эл өкүлдөр палатасындагы Демократтардын лидери Нэнси Пелоси Сешнстын отставкасын талап кылды. Ал Сешнс кызматына киришип жатып, Конгрессте ант берген учурда президенттик шайлоо өнөктүгүндө Орусиянын расмийлери менен эч кандай байланышпадым деп калп айтыптыр деди.

Ушундан кийин гана Сешнс коомчулукка Орусиянын бийлик өкүлдөрү менен АКШ шайлоосун талкуулаган жолугушуу болгон эмес деп айтып чыгууга аргасыз болду.

"Мен бул айыптоолордун негизи эмнеде экенин түшүнбөй жатам. Аларды баары калп",-деп айтылат Башкы прокурордун билдирүүсүндө.

Президент Дональд Трамптын өзү дагы анын пикирлештеринин Москва менен кандайдыр байланышы бар деген маалыматтарга кескин четке кагып келүүдө.

"Алардын бири да бул тууралуу билишпейт. Алар Орусияда болгон эмес. Эч качан Орусияга телефон да чалышкан эмес. Мунун баары фейк жаңылыктар»,-деген Трамп февралдагы кайрылуусунда.

Ал учурда Трамп ММКларды өзүнүн администрациясын Орусия менен байланышта деп айыптаган баяндамалар аркылуу эки өлкө ортосундагы мамилелерди оңдоп кетүүгө тоскоол жаратып жатат деп айыптаган.

Трамптын кеңешчиси Майкл Флинн декабрь соңунда орус элчиси Сергей Кислякка өзүнүн байланыштары тууралуу жарым жартылай маалымат бергенин моюнуна алып, кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Орус бийлиги АКШдагы шайлоо тыянагына таасир этүүгө аракет кылган деген америкалык атайын кызматын айыптоолорун четке кагып келет.

Булак: "bbc.com"

Последние новости