www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


- Баламдын жок жерден караланып, жалган жалаага кабылып, азап чегип жатканына ичим өрттөнүп, жүрөгүм тынчыбай жатат. Кан басымым көтөрүлүп, дары менен жашап жатам. Ушул Сооронбай Жээнбеков үчүн шайлоодо аябай чуркап иштеп бердик эле үй-бүлөбүз менен. Балдарыбыздын баарысына колдон келишинче тарбия бердик. Кудайга шүгүр баары жакшы. Соода-сатык менен өзүм илгертен эле алектенем. Жашоо-тиричилигибиз ошол соода-сатык менен.

Дамир уулум бөөдө жерден караланып жатат. Кылмыш иши мыйзамсыз козголду. Биздикиндей үй-жай азыр ар бир кыргызда бар. Дамиримди ойлоп санаам санга бөлүнүп жатат. Энемин да, жүрөгүм тынч болбой калды. Бийлик абдан туура эмес иш кылууда. Дамир ошол Жээнбековдун өзүн да кайтарып жүрчү эле. Ушундай болот деп түк ойлогон эмесмин. Менин балам ак жеринен запкы тартууда. Саясатка деле аралашкан эмес эле. Бирок саясаттын курмандыгы болуп жатат учурда.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости