www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын карызы 0,1 пайызга өсүп, жаңы рекордду жаратып 31,46 триллион долларга жетип, мыйзамдуу түрдө белгиленген чектен ашып кетти. Американын 2022-жылдагы мамлекеттик карызы карызкор болгон 13 өлкөнүкүнө барабар болуп, Кыргызстандан миңден ашык эсе көп экен. АКШнын карызы 31,42 триллион долларга жеткен. Ал эми ири карызы бар 13 өлкөнүн карызы 31,4 триллионго жетип, АКШныкынан 23 миллиардга аз болууда. Алсак, карызы боюнча АКШдан кийин экинчи орунда 9,59 триллион долларды чапчып Япония турат. Үчүнчүдө 3,75 триллион доллар менен Кытай, андан соң Британия өкмөтүнүкү 3,03 триллион, Италиянын карызы 2,88 триллион доллар экени айтылды. Андан кийинки орундарда: Франция, Индия, Германия, Испания, Канада, Бразилия, Түштүк Корея, Сингапур жана Австралия турат. Булардыкы жалпысынан 12,15 трлн. долларды түзөт.

Ал арада Орусиянын мамлекеттик карызы 294,8 миллиард экени аныкталып, Американыкына караганда 107 эсе, Японияныкына салыштырмалуу 33, Кытайдыкына карата 13 эсе аз экени маалым болду. Мындай көрүнүштөн соң Финансы министрлиги финансылык операцияларды улантуу боюнча чукул чараларды кабыл алып, ал эми АКШнын администрациясы Конгресске лимитти көтөрүп берүүгө чакырык салган. Учурда өлкөдө чекти жогорулатуу боюнча кызыл чеке талаш жүрүүдө. Эгерде алар бир пикирге келбесе, өлкөдө 1979-жылдан берки биринчи дефолт болот.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразиялык экономикалык форумдун жыйынында Орусия менен Беларустун ортосунда интеграциянын деңгээли ушунчалык жогору экенин, атүгүл "өзөктүк курал экөөнө бир" экенин айтты. Токаевдин айтымында, эл аралык саясий тарыхта биринчи жолу эки мамлекет бирдиктүү саясий, укуктук, коргонуу, экономикалык, валюталык, маданий-гуманитардык мейкиндикке ээ болгон бир өлкө катары иш алып барган кырдаал түзүлдү. Казак лидери ошондой эле Орусия Федерациясы менен Беларустун «жалпы» союздук өкмөтү жана парламенти бар экенин белгиледи: "Биз бул көйгөйдү талкуулашыбыз керек", - деп жыйынтыктады ал.

Буга чейин Токаев Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрү Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия үчүн Кытай менен натыйжалуу кызматташууну куруу маанилүү экенин билдирген.

Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Орусия Федерациясы менен Беларус үчүн “бир өзөктүк курал"  тууралуу сөздөрүнө комментарий берди: "Токаев өзгөчө көңүл бурууну талап кылган уникалдуу кырдаал экенин айтты. Бул туура, анткени чындыгында бир интеграциянын алкагында өнүккөн интеграция бар. Орусия менен Беларустун Биримдик мамлекети ЕАЭБге караганда алда канча өнүккөн интеграция. Албетте, бул дүйнөдөгү уникалдуу кырдаал”, - деди Песков Казакстан лидеринин сөздөрүн комментарийлеп жатып.

Эскерте кетсек, Токаев Евразиялык экономикалык форумдун жыйынында Орусия менен Беларустун интеграциясынын деңгээли ушунчалык жогору экенин, атүгүл “эки өлкөгө бир өзөктүк курал” экенин айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

 

Последние новости