www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Каймана аттар - «Осьминог», «Таракан», «Чүчпара», «Бармалей», «Жолчубек»...

 «Осьминог»

Жапаров Акылбек
Осьминогдун көп буту бар, бирине жакшылык кылат, бирин чайнап жутат, көбүнчө президенттерге жата калып эшигин шыпырганга даяр, ал эми түшүп калса «орго түртөт».  Отуз жыл жылмая күлүп, кем акыл ажолорду мурдунан жетелеп алып, мурундарына мурунтук салып, жондоруна ээр токуп, үстүнө шап минген билгичтиги бар. Саясаттын «эки тизгин, бир чылбырын» колуна кармап, кайсы ажо бийликке келсе да хамалеончо өзгөрүлүп аны кыдыңдата минип ала турган жайы бар. Үч жолку финансы министрлигинен өкмөт башчылыгына секирип, дымы чыкпай калган денесин күүлөгөн минкабдын жетекчиси Жапаров Акылбекти көпчүлүк эмнегедир  «Осьминог» деп жүрүшөт.

"Таракан"

Эрулан Көкүлов
Учурунда ашканаларды текшерип ал жерден чыкпаган жигит бар. Жогорку Кеңештин "Ынтымак" партиясынан депутат болгон Эрулан Көкүловду тар чөйрөдө "Таракан" деп тергешет экен. Сыягы, тамак-аш жасаган ашканаларды текшерип, таракан издеп чуу сала берген жоругунан улам, ушундай атка ээ болгон окшойт.

  “Чүчпара”

Бакетаев Алмаз
Тамактын аталышы кимдин “кличкасы” деп атасызбы? Финансы министри Бакетаев Алмаздын тар чөйрөдөгү каймана ысымы болгонун көпчүлүк биле бербесе керек. Анын себеби, Бакетаев Алмаз чүчпараны өтө жакшы көрүп, чоң табит менен жейт. Ылайыгы, шарты болгон жерде чүчпараны жасатып жегенден жадабайт. Атүгүл, анын аркасын массаж жасап жатканда да жакшы көргөн тамагын жей берет. Бийлиги жок кезинде ашпозчуларынын жасаган чүчпарасын жеп жүрсө, эми министр кезде жалданмалардын колунан жасалган чүчпараны сугунуп, өзүнө массаж жасатып рахатка батат. Иштеген иши деле жарытпайт.


«Бармалей»

Осмонбек Артыкбаев
Бул каймана ысымдын ээси –экс-депутат, министр Осмонбек Артыкбаев. Бизнесинен улам берилген “кличка». Доктор Айболитте Бармалей деген фигура болот эмеспи. Кыргызстандагы дары бизнесинде монополисттей эле орунду ээлеп, өлкөнүн аймагында ага тиешелүү жүздөгөн дарыканалар иштейт. Дарыканалары өтө көп болгондуктан, Осмонбек Артыкбаев дарыканалардын бренди сыяктуу эле болуп калды. “Бийлигиң болсо байлык жасайсың, байлыгың болсо бийликке жетесиң” дегенди Осмонбек Артыкбаев жакшы өздөштүргөн окшобойбу. Бизнеси менен байлыкка да, бийликке да жетип келе жатып камалып эми камактан чыккандан бери тыптынч.

 “Жолчубек”

Тойчубек Касымов

Бул каймана атка Акаевдин кезинде облустарды башкарып,андан соң Ак үйдүн жетинчи кабатынан түшпөгөн Акаевдин аяшы,экс  вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин кайын атасы Тойчубек Касымов ээ болгон. Атына уйкаш “кличка” аталышы эле айтып тургандай, Тойчубек мырзанын бардык күч, тажрыйбасын жолдорду оңдоп- түзөөгө жумшагандыгынан улам пайда болгон. Кайсыл облуска губернатор болуп барбасын, 1-кезекте жолдордун абалына маани берип, жаңы жолдорду салдырып, эскилерин жамап-түзөп турганды адатка айландырган экен, кайран киши. Ушундан улам тар чөйрөдө аны Тойчубек эмес, Жолчубек деп атап калышкандыгы бар. Тойчубек Касымов өзү дагы бул аты менен сыймыктанчу экен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости