www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш Россия менен согушка даярбы?

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин коопсуздук жана атайын кызмат жетекчилеринин жыйынында күтүүсүз, бирок эскертүү катары кабыл алына турган билдирүү жасалды. Башкача айтканда, Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин НАТОнун европалык мүчөлөрү Россия менен ачык кагылышка даярданып жатышканы тууралуу дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандыра турган жагдайга токтолду. 

Нарышкиндин айтымында, альянс ичинде ыкчам жооп кайтаруу күчтөрүн толук масштабда жабдуу жана мобилизациялоо боюнча өзгөчө аракеттер көрүлүп жатат. Бул аракеттер жөн гана машыгуу эмес, реалдуу согуш коркунучуна карата алдын-ала даярдыкты көрсөтүп турат. Европа өлкөлөрүнүн аскердик-өнөр жай потенциалы күчөтүлүп, калкты “Москва чабуул коёт” деген үгүт менен ишендирүү аракеттери уланууда. Бул көрүнүш өз алдынча коргонуу эмес, көбүрөөк чагымчыл маанайды жаратат.

Албетте, бул билдирүү Москва тараптан айтылганы үчүн айрымдар күмөн санашы ыктымал. Бирок бул эскертүү сигналы. Саясий конфликттер идеологиялык пропагандадан башталып, экономикалык санкциялар менен күчөп, акыры ок атылган майдандарга айланып кеткен учурлар дүйнө тарыхында арбын.

Последние новости