www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элди канча кубулуп башкарса деле ага тойбой көздөрүн май басып отуз жыл бою мамлекетти, калкты талап-тоноп мародерчулук кылып келсе анын баары силер үчүн - эч нерсе эмес. Мындай пикирин Бермет Букашева өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Байкасам, тынчтыкты, бейпилдикти, стабилдүүлүктү сүйүүчүлөр арабызда көп экен, алар “башаламандыктын, тополоңдун бизге кереги жок” дегендей акыл айтышат. Тим эле биз тынчтыкты, бейпилдикти каалабай аткансып демитишет.

Анан калса, капталдагы кошунабыз казактардагы будуң-чаңга эмне биз сүйүнүп “чала болот” деп кол чаап жатыптырбызбы? Баарыбыз эле кошуналарда тынчтык, бейпилдик өкүм сүрүүсүн каалайбыз.

Алло, ө-өөй урматтууларым! Бийликти тынч жол менен алмаштыруу маселесинде элде бир гана мүмкүнчүлүк бар эле: ал - шайлоо жолу менен алмаштыруу. Отуз жыл ичинде казактардын колунан ошол жападан жалгыз мүмкүнчүлүктү жүз миң ирет колдон жулуп алышып, шайлоолорду бурмалап келишти го!

Бийликтикинен башкачараак, бөлөгүрөөк көз караштарын айталы,- дешсе, андай эркин ой жүгүрткөндөрдүн оозун бууп, эркиндикти болушунча муунтуп келишпедиби. Саясый талаада жеке оюн эркин айтмакчы болгон легалдуу оппозицияны болсо үнүн өчүрүп, тындым кылып, элестүү айтканда өлтүрүп көмүп, жаназасын эбак окуп салышкан. Анан эл эмне кылсын?

Элди канча кубулуп башкарса деле ага тойбой көздөрүн май басып отуз жыл бою мамлекетти, калкты талап-тоноп мародерчулук кылып келсе анын баары силер үчүн - эч нерсе эмес.

Мамлекеттик казынаны жеке капчыгынан бетер каалагандай колдонушса, өлкөнүн кен-байлыктарын, жер ресурстарын өздөрүнүн короосундагы огороддо экен капустадай эле каалагандай казып-сатып чартаңбай тебишсе, бул силерге - эч нерсе эмес экен, кайра ал бийликти алкап “улуу даражалуу, көсөм эл башыга даңк жана дүңк!” деп алкаганды гана билесиңер.

“Туура эмес кылып жатасыңар!” деп калыс кеп айткан оппонентерин өлтүрүп жатса, бул да силер үчүн эч нерсе эмес. Швецарияда виллаларга ээ болуп, дүйнө жүзү боюнча эң кымбат особняктарды курушса, сырттагы офшордук эсептерге элден уурдаган миллиарддарды кымтыса, силер үчүн мунун баары - эч нерсе эмес, эң эле негизгиси эптеп тынчтык, бейпилдик болсо болгону дегиңер бар го ээ?

Элди жетээр жерге жеткирип, кургуйга кулатып, жанын кашайтып, анан ал шордуулар дүкөн-сүкөндөрдүн айнегин талкалап, мародерчулукка барып жатса дароо эле ошол элге сөөмөй кезеп “акмактар, келесоолор, мародерлор!” деп жабыла түкүрөсүңөр.

Отуз жыл бою ошол элди ким тарбиялады? Ким аларга үлгү болду? Жашоосу туңгуюктун түпкүрүнө түшүп, жандары карайлап, акыры мародерчулукка түрткөн ахвалга жетүүсүнө ким себеп болду?

2005-жылы, 24-марттын кечи эсиме түшөт. “Бета-Стористи” эл талкалап кирип тоноп атат. Жогорку кеңештеги шашылыш чогулуштан чыгып, супермаркеттин жанынан өтүп баратам. Колуна илингендин баарын уурдап,

тоноп бараткан кишилерди карап аң-таң болом, аларды “койсоңорчу, уят эмеспи” деп тыйганга, акыл айтканга аракеттенем. Бир жигит бөбөк салчу колясканы сүйрөп баратып, менин тыюума жооп кылып “ Эже, муну балама алып баратам, коляскасы жок болсо кантейин..” деп жалооруду эле, “аа, мейли анда” деп оозум жап болду.

Анын сыңары, өзүнүн тойбос үйүрү, кланы менен өлкөсүн тоногон, элдин жонунан кайыш тилип жакырланткан Назарбаев кечээги болгон мародерчулуктардын баарына жооп берсин. Канча жолу баарын ичке жутуп чыдаган эл ара-чолодо пикет өткөрүп келген болсо, акыры барып буулуккан суу тосмону жарып өткөндөй жарылды. Ал жарылуунун башкы шыктандыруучусу, дем берүүчүсү, уюштуруучусу так ошол - Эл башы, билгенге, түшүнгөнгө..." - деп жазган ал.

Орусчадан которгон Эрнис Кыязов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости