www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1842-жылы 180-жыл мурун Ормон кызыл тебетей кийип хандык такка отурат. Тескерисинен санайлы, 2021- жылы 11-январда 53 жаштагы Садыр Жапаров президент болот. Конституция боюнча алты жылдык мөөнөтү сакталат, дагы беш жыл экинчи мөөнөткө шайланууга жолу бар. Бирок болобу, болбойбу тагдыр чечер. Андан туура үч жыл мурун 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков 59 жашында президент болгон. Алмазбек Атамбаев андан жашыраак 2011-жылы 55- жашында президент болот. 180-жылдык тарыхыбызда мамлекетти башкарган жалгыз аялзаты болсо ал да бир жылдан ашуун 2010-жылы 60-жашында мамлекетти башкарган. Курманбек Бакиевге мамлекетти башкаруу шыбагасы 56-жашында 2005-жылы буюрган. Президенттердин эң жашы Аскар Акаев болгон ал 1990-жылы 46-жашында мамлекетти башкарат.

Аскар Акаевден баштап Ормон ханга чейин мамлекетти башка улуттун өкүлдөрү башкарып келишкен. 1931-жылы туулган Михаил Горбачев алардын ичинде жашыраагы 1985-жылы 54 –жашында КПСС БКнын Башкы катчысы болот. Буга чейин 1911-жылы туулган 73 жаштагы Константин Черненко 1984-жылы, 1914-жылы туулган  Юрий Андропов 1982-жылы 68-жашында мамлекетти башкарышкан. Ал эми 58-жашында 1906-жылы туулган Леонид Брежнев 1964-жылы бийликке келсе, 1896-жылы туулган Никита Хрущев 1953-жылы 59-жашында мамлекетти башкарган.

1879-жылы жарык дүйнөгө келген Иосиф Сталин  1922-жылы 43 жашында РКП БКнын Башкы катчысы болгон. Ал эми Ленин 1917-жылы Савнаркомду 47-жашында жетектеген. Ак падыша Николай экинчи 1868-жылы туулуп 1894-жылы 26-жашында император болсо, анын атасы Александар үчүнчү 1845-жылы туулуп, 1881-жылы 36-жашында император болгон. Ниязбек уулу Ормон 1842-жылы ак кийизге көтөрүлүп хан болгон.

Аскар Акаев 1944-жылы туулган, ал 2005-жылы 61 жашын татыктуу белгилеген жатса, кара басып революция болуп кетип, бийлик алмашат. 1949-жылы туулган Курманбек  Бакиев 2010-жылы 61 жашка толмок,аны да туулган күнүнө жеткиришкен жок. 61-жашында 1950-жылы туулган Роза Отунбаева инаугурация менен 2011-жылы Атамбаевге президенттигин өткөзүп берди. 1956-жылы туулган Алмазбек Атамбаев 2017-жылы жандосу Жээнбековго 61-жашында президенттикти өткөздү. 1958-жылдын 16-ноябрында туулган Сооронбай Жээнбеков бийликтин жаңыдан кызыгын көрө баштаганда Жээнбеков  61-жыл 11 ай болгондо бийлигин башаламандык менен тартып алышкан. Негизи кыргызда алтымыш бир жаш символикалуу дайыма президенттер алтымыш бир жашында бийликтен кетип жүрүшүп, Садыр Жапаровду жал-жал карап эми эмне болуп кетер экен деп турабыз. Эгер ушул төлгө ишке аша турган болсо, анда Садыр Жапаровго дагы жети жыл бар.

Роза Отунбаева, азыраак иштеп калды, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Шариповичтин президент болгон жылдары олуттуу эмнелер бүттү? Завод, фабрика,  ГЭСтер курулган жок. Владимир Путин менен көрүшпөй калса сагынышып кетеби, улам-улам барып жатып эшигин жыртышчу. Отунбаева Барак Обама менен жолугушса, ал эми Жээнбеков  Дональд Трамп менен 2018-жылы сентябрдын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында жолугуп келген. Кыргыз Нью-Йоркко барса да кыргыз. Көөкөрдү көйкөлтүп көтөрүп алышат экен. Бой, келбети жагынан Трампка тете биздин  президент анча-мынча президенттерди алдыга салбайт окшойт, анын үстүнө көтөрмөлөгөн көөкөрү бар эмеспи. Орустар барышса «самогонун» салып алган деп ойломокпус, казактар «шубатын», грузиндер «ча-часын» салып алмак, биз болсо көөкөргө толтура кымызды куюп алабыз.  Деги кымызыбыз АКШга жеткиче ачып-кычып жеттиби ким билет. «Кызды сураганга бер, кымызды ичкенге бер» дейт, президент болгондордон  кыз сурап жүрчү дагы бир Акылбек наамындагы Жапаровдун оозу жабылган. Эми  каякты карап кыз сурап жатты экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости