www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жашы жете элек кызды анын биологиялык атасы тарабынан кордогон факты боюнча иликтөө иштерин кайрадан улантышты. Бул тууралуу жабырлануучунун кызыкчылыгын коргогон жактоочу Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, ишти улантуу боюнча чечимди Башкы прокуратура сунуштама жөнөтүп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы кабыл алган.

Аталган башкармалык Свердлов районунун прокурору Гүлнара Орозбекова 12-сентябрга чейин шектүүгө карата зарыл чараларды көрүүнү тапшырганын тактады.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын тургуну, 17 жаштагы кыздын апасы кайрылган. Анын айтымында, кызы төрт ай бою өз атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган. Кылмыш болгон учурда кыз 15 жашта болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости