Булак: NazarNews.kg
www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 5- июнда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чараны министр Алтынбек Максутов ачып, андан соң, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, Дооронбек Садырбаевдин кыргыз мамлекетинин келечегине жүрөгү менен күйүп, анын жаркын келечеги үчүн кылган иштери жана анын басып өткөн жолу кийинки муунга үлгү катары калышы керектигин баса белгиледи.
Ал эми сөз алган Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков жана Тамара Жаманбаева анын бийик адамгерчилигин эскерип, эл үчүн жан аябай, ак ниет, адал эмгек кылган коомдогу ардактуу ордун сыймыктануу менен эскерди.
Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаевдин эстелиги "Октябрь" кинотеатрынын күн батыш тарабында орун алган.
Эске салсак, Дооронбек Садырбаевдин артынан кылымдар өчпөс эмгектерди калтырып кетти. 70тен ашык даректүү тасманын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.
Булак: NazarNews.kg