www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы жылдары Кыргызстан Борбор Азиядагы эң ыкчам өсүп жаткан экономикалардын бири катары эл аралык аналитиктердин көңүл борборуна чыкты. Bloomberg агенттигинин жазышынча, өлкөнүн экономикасы быйыл 10 пайыздан ашык өсүшү мүмкүн. Ал эми соңку үч жылда ИДПнын реалдуу өсүшү жылына кеминде 9 пайызды түзгөн.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевдин айтымында, өсүштүн негизги кыймылдаткычтары туризмдин жанданышы, курулуш тармагынын кеңейиши, ички керектөөнүн көбөйүшү жана Кытайдан келген товарлардын коңшу өлкөлөргө реэкспорту болуп жатат. Геосаясий өзгөрүүлөр фонунда Кыргызстан регионалдык жана глобалдык соода чынжырларына мурдагыдан да активдүү аралаша баштады.
Айрыкча ири инфраструктуралык долбоорлор экономикалык оптимизмди күчөтүүдө. Баасы 10 миллиард долларга бааланган Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу өлкөнүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсе, Нарын дарыясындагы “Камбар-Ата–1” ГЭСи Кыргызстанды электр энергиясын экспорттоочу мамлекетке айлантуу потенциалына ээ. Бул долбоорлор чет элдик инвестицияларды да тартып жатат.
Каржы рыногунда да оң сигналдар байкалууда. Кыргызстан быйыл биринчи жолу 700 миллион долларлык евробонддорду ийгиликтүү жайгаштырып, глобалдык инвесторлордун ишенимине ээ болду. 2030-жылы мөөнөтү бүтө турган мамлекеттик облигациялар аймактагы жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн долларлык баалуу кагаздарынын ичинен эң жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөттү.
Ошол эле учурда экономиканын өсүшү толугу менен коопсуз деп айтууга болбойт. Кыргызстан дагы эле Россияга олуттуу көз каранды. Алсак, эмгек мигранттарынан түшкөн акча которуулар январь-сентябрь айларында 2,6 млрд долларга жетип, анын дээрлик 93 пайызы Россиядан келген. Кытай негизги соода өнөктөшкө айланганына карабастан, Россия эмгек рыногу жана отун-энергетикалык ресурстар аркылуу маанилүү ролду сактап калууда.
Инфляциялык басым да күч алууда. Россиядан импорттолгон күйүүчү майдын кымбатташынын эсебинен баалар өсүп, Улуттук банк ноябрда негизги пайыздык ченди 11 пайызга чейин жогорулатууга аргасыз болду. Мындан тышкары, Москвага каршы санкциялар банктык эсептешүүлөрдү татаалдаштырып жатат.
Эл аралык валюта фонду орто мөөнөттүү келечекте Кыргызстандагы өсүш 5 пайыздын тегерегине жайлайт деп болжолдойт. Өлкөнүн экономикалык келечеги дагы деле геосаясий кырдаалга жараша санкциялардын тереңдешине же региондогу тынчтыктын орношуна түздөн-түз көз каранды бойдон калууда.
Ошого карабастан, Кыргызстан учурда олуттуу коргоо “жаздыгына” ээ. Алтын резервдери рекорддук 8,3 млрд долларга жетип, жалпы резервдердин 70 пайызын түзүүдө. Бул фактор өлкөгө мүмкүн болгон тышкы шокторго туруштук берүүгө шарт түзөт.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан чындап эле Борбор Азиядагы жаңы “экономикалык жолборс” катары калыптанып келе жатат. Бирок бул ыкчам өсүштү узак мөөнөттүү, туруктуу өнүгүүгө айлантуу үчүн геосаясий тең салмакты сактоо, экономиканы диверсификациялоо жана институционалдык реформаларды тереңдетүү чечүүчү мааниге ээ.