www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Төраганын орун басары өз сөзүндө кызматкерлердин жоопкерчиликтүү иши тууралуу кеп кылып: «Коомдук тартипти камсыз кылуу ар ким көтөрө алгыс оор милдет. Андыктан сиздердин эмгегиңиздер ар дайым жогору бааланып, ардактуу кесиптердин катарында турат», - деди.
Ошондой эле өз ишин берилгендик менен аркалап, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин ыраазычылык каттарын тапшырган Болот Ибрагимов кызматкерлердин мындан аркы иштерине да ийгиликтерди каалады.