www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус жасалма жол менен жаралган деген пикирди четке какпай туруу керектигин айтты. Бул туурасында Sputnik радиосу Associated Press агенттигине таянып кабарлады.

Гебрейесус вирустун чындыгында кайдан чыккандагын билиш үчүн Кытайдын бийлиги менен кызматташууну сунуштаган.

"Мен өзүм да лаборант болгонмун, иммунологмун, лабораторияда иштегем. Ал жактарда ар кыл окуялар болуп кетет", — деген Гебрейесус.

ДССУ жетекчиси SARS-CoV-2 ушул сыяктуу себептен улам пайда болушу мүмкүн деген нерседен баш тартуу эртелик кыларын айтты. Ал иликтөө жаатында кытай бийлигин "ачык болууга, жаап-жашырбоого жана кызматташууга" чакырган.

"Бизге маалымат, болгондо да пандемияга чейин бул лабораторияда абал кандай болгону туурасында так маалымат керек. Эгерде толук маалымат алсак, анда четке кагабыз (COVID-19 лабораториядан пайда болуп, тараган деген пикирди)", – деген Гебрейесус.

Быйылкы жылдын башында ДССУнун эксперттик тобу Кытайдагы Ухань шаарына коронавирус инфекциясы пайда болгон очокту табуу үчүн учуп барган. Аталган уюмдун кызматкерлери COVID-19 лабораториядан тараган деп айтыла калып жүргөн версияны да эске алышкан. АКШ эгерде Кытай барган окумуштууларга ошол жерде изилдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербесе дүйнө коомчулугунан бөлүп салуу керек дешкен. Кийинчерээк америкалык ЖМКлар COVID-19 Ухань шаарындагы лабораториядан чыккандыгынын белгилери табылганын жазышты. Америка президенти Жозеф Байден чалгын кызматынан COVID-19дун келип чыгышы боюнча маалыматтарды топтоону талап кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости