www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Элитмээлер» Ɵлкɵнүн «эрке балдары» кайсы ɵлкɵлɵрдɵ билим алышат?
Кɵпчүлүк учурда кыргыздын менмин деген аткаминерлери патриотизм жɵнүндɵ, ɵлкɵнү ɵнүктүрүү жɵнүндɵ ооз кɵптүрүп сүйлɵгɵндү жактырышат. Бирок ар дайым эле сүйлɵгɵн сɵздɵрү менен жасаган иштери дал келе бербейт. Мисалы алар балдарынын катардагы мектептерде, окуу жайларда билим алуусун каалашпайт, ал тургай колдошпойт дагы ɵңдɵнɵт.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыздары кайда окушат?
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыздары азыркы тапта ЖОЖдордо билим алышат. Улуу кызы Ажар Дүйшекеева БААУда б.а АУЦАда билим алат. Бул окуу жайда келишимдин баасы 6 миң доллардын тегерегинде. Бирок кээбир студенттерге арзандатуу каралган. Ал эми экинчи кызы Саадат Калифорниянын Diablo Valley колледжинде билим алат. Маалыматтарга караганда аталган колледжде окуу акысы бир жылга 23 миң доллардын тегерегин чапчыйт.
Премьер-министрдин уулу Абир болсо «Ала-Тоо» эл аралык университетинде окуйт. Окуу жайдын окуу акысы 650 доллардан 2,7 миң долларга чейин жетет. Ошого карабастан официалдуу маалыматтарга караганда премьер-министрдин кирешеси андай деле кɵп эмес. 2017-жылдагы декларация боюнча ал 2 млн 367 миң сом киреше тапкан. Жакындарына дагы эч кандай ири фирмалар катталган эмес.
Булак: Де-факто