www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейит башындагы эстелик кайсы бир салтанатка карата коюлган эмес. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди. 

--"Чыңгыз Айтматовдун бейитиндеги эстеликке карата "түндүк жерде жатпайт" деп акылдуусунгандарга каяша иретинде жооп...

Ооба, кыргызда "түндүгү түштү" деген сөз башка оор трагедия келгенде айтылат. Эл башына андай оор учурлар далай келген. Тээ көөнө тарыхты айтпаганда дагы акыркы 3 кылымда 17-18-кылымдардагы ойроттордун жапырыгында, 1916-жылы орустардын кыргынында түндүк түшүп, эл бүлүнгөн. Ошондой жоо чапканда "катуудан казан, жумшактан күл эле калды...түндүгүбүз түштү" деп айтылган.

Ошол сымак эле, Чынгыз Айтматовдой аска-зоонун күтүүсүздөн кулашы биз үчүн өтө оор жоготуу, улуттук деңгээлдеги кайгы болгон. Бейит башындагы эстелик кайсы бир салтанатка карата коюлган эмес. Ал улуттук аза күтүүнүн символу. Чыңгыздай аалам алпын жоготуп "түндүгүбүз түшүп турат" деген белги. Ошондой эле белги ал жактагы "Ата Бейитте" 1938-жылы атылып кеткен Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовдор баш болгон улут каймактарына да коюлган. Туура түшүнүп, туура баа берели туугандар", - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости