www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эч бир мамлекет башчысы ката кетирсе күнөөсүн мойнуна албайт деп эсептейт. Бул тууралуу ал америкалык PBS телеканалына берген маегинде билдирди.

Сүйлөшүүдө Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен Самаркандда өткөн ШКУ саммитинин алкагында жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнө токтолду. Ал ошондой эле украин-орус согушуна комментарий берип, журналистке «Сиздин оюңузча, Путин украин элинин өзүн коргоого болгон эркин туура эмес эсептеп жатканын билет деп ойлойсузбу?» деген суроого төмөнкүчө жооп берди:

«Эч бир жетекчи «мен жаңылып жатам» деп айтпайт. Албетте, мен Украинаны да айткым келди. Зеленский мырза да ушундай кадамга бардыбы деп ойлойм. Ал мени да жаңылып жатат деп ойлойбу? Албетте, лидерлер – алар баштаган жолунан кайтуу өтө кыйын адамдар. Бирок азыр Польшада эле 3 миллиондон ашуун украин качкындары бар. Европанын көптөгөн өлкөлөрүнө, атүгүл бизге да келген украиналык иммигранттар бар. Жалпысынан 5 миллионго жакын мигрант учурда Украинанын чегинен тышкары жүрөт. Жетекчинин буга чыдашы оңой эмес. Бирок лидерлер оңой менен өкүнбөйт», - деди тцрк лидери.

Орустардын баскынчылыгы тууралуу комментарий берип жатып, ал Путин жасаган иштери үчүн кечирим сурабасын сунуштады. Анын пикиринде, мамлекет башчыларынын өз ара макулдашууга жетиши гана чечим болуп саналат.

«Эч кандай басып алууну актоого болбойт. Ал эми бул басып алуунун кесепеттерин биз эмес, Зеленский жана Путин мырза түшүндүрө алат. Мунун себептерин алар эң жакшы билишет. Түркия бул себептерди баалап, тең салмактуу саясатты сыйлаган өлкө катары бул жерде эки тарапты тең угууну жактайт. Ошондуктан, бизде бул жетекчилердин башын бириктирүү тилеги бар. Мен аларды бириктиргим келди, эгер алардан сурасаңар. «Биз дагы эле ийгиликке жете элекпиз, бирок мен үмүтсүз эмесмин», - деди Түркиянын президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости