www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда кылмыш иши каралып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго сот акыркы сөз берди.

Илмиянов акыркы сөзүндө күбөлөр аны дегеле тааныбашын, ал гана эмес жабырлануучубуз дегендер да кийин интернеттен көрүп таанышкандарын айтып, “Баары жалган айыптоолор! Болбосо 30 күбөнүн ичинен болгону Чыныбек Анарбек уулун гана тааныйм. Аны да тергөөдө менин жардамчым кылып коюшуптур. Мен ал убакта мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин да. Болгону биз шайлоо алдында КСДПнын штабында бирге иштегенбиз. Анан билбейм, ал кандайча мындай көрсөтмө берип койгонун”, - деди.

Аны менен катар ал акыркы сөзүндө мурун да айтканын кайталап: “Мага козголгон кылмыш ишти туугандарымдан угуп, териштирүү үчүн өзүм келгенмин Кыргызстанга. УКМК айткандай мени эч кандай Казандан кармабай эле Москвадан 2018-жылдын 20-октябрында өзүм учуп келгем. Анан таңкы саат төрттө аэропорттон УКМК кызматкерлери кармап кетишкен, ошондон бери ошол жакта олтурам”, - деп кошумчалады.

Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Мурдагы соттук олтурумдарда мамлекеттик айыптоочу Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, аны 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү сураган.

Эскерте кетсек, Илмияновго “жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган” деген кине менен “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости