www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
212 килограммдык “Папа” каймана аттуу мушкер Денис Вильданов алгачкы жолу ММАда беттеш өткөрүп, анда каршылашын ийгиликтүү жеңип алды.
Атаандашы болгону 146 кг салмактагы Арнольд Величко болгон. Экөөнү октагондо көргөндөр Величкону айнып калган мушкердей эле көрүштү. Себеби, каршылаштардын айырмасы көзгө урунуп эле тургандай. Бирок канткен күндө дагы өгүздөй болгон Денис Вильдановго каршы чыккан Арнольд Величконун эркине баа берүү керек. Беттеш көпчүлүк күткөндөй эле Вильдановдун пайдасына чечилди.
Болгондо дагы 20 секунддун ичинде. Вильдановдун эки-үч соккусунан кийин эле Величконун жүзүнөн тамтык калган жок.
Булак: NazarNews.kg