www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттар жана башка батыш мамлекеттери өз жарандарын Кабул аэропортунун айлана-тегерегинен оолак болууну эскертешти. Алар миңдеген адамдар топтолгон жерде террордук чабуулдар болуп кетиши мүмкүн деп кооптонуп турушат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдиргендей, болжол менен ал жакта америкалык паспорту жана визасы бар 1500дей киши топтолгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Американын президенти Жо Байден "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ооганстандагы канаты кол салышы мүмкүн экенин эскерткен.

Британиянын куралдуу күчтөр министри Жеймс Хеппи согушкерлер аэропорттун аймагында чабуул уюштурууну көздөп жатканы тууралуу «абдан ынанымдуу» маалыматтар бар экенин 26-августта белгиледи.

Австралия да өз жарандарына ушундай эле эскерттүү берди. Бир катар мамлекеттер Ооганстандан өз жарандарын жана алар менен кызматташып келген оогандыктарды шашылыш чыгарып кетүүнүн аракетин көрүп жатышат.

АКШ өз аскерлерин 31-августка чейин чыгарып кетерин билдирген. Учурда аэропорттогу коопсуздукту америкалык аскерлер камсыздап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости