www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү болду.

Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн кырдаалды жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча мындан аркы аракеттерди талкуулашкан.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов кыргыз тажик чек арасында болгон окуя кайра кайталанбашы керектигин айтып, эки эл бир-бири менен достукта жашаш керектигин белгилеген.

"Биз саясатчылар эки элди достукта жана тынчтыкта жашоосу үчүн бардык маселелерди чечишибиз керек. Бүгүнкү жолугушууда кыргыз-тажик чек арасында тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишилди. Мен эң кыска убакта биздин эки дос элдердин достукта, бирин-бирин түшүнүү менен толук турктуулук орнотулушуна ишенем", - деп айткан Ятимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости