www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, Каныбек Осмоналиев, "Азыркы саясий туруксуз абалдын жаралышына ЖКнын так ушул VI-чакырылышы күнөөлүү!”, деп “Майдан.kg” гезитине маек берди.

-Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алуга таркап кетишти. Эл өкүлдөрүнүн кайсы иши сиздин купулуңузга толду? Эгерде сизге алардын кайра келип иштешин же иштебешин чечүү мүмкүнчүлүгү берилсе, кайсы жолду тандайт элениз?

-ЖКнын депутаттары үчүн жайкы эс алуу регламентте каралган. Бул мыйзамдуу эле көрүнүш. Алардын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып, жазып деле келе жатабыз! Баардыгы алаканга салгандай эле көрүнүп турат. Көрүнүктү иштерин баса белгилеп айта албайт экенмин. Төраганын тыянак билдирүүсүн окудум! Эч нерсе таба албадым. Күнүмдүк эле көр оокаттар. Анан интрига, интрига жана интрига! Экс-президенттин кол тийбестиги боюнча токтомду кынтыксыз жол менен, камырдан кыл суургандай кылып кабыл алуунун ордуна, өзүлөрүнүн өч ала турган кейпине түшүрүп алгандыктары өкүнүчтүү. Сырттан карап турган адамдарга күлкү эле болушту. Араларындагы 20 чакты татыктуу депутаттарга гана убал болду! Калгандары аман болушсун! Бийликтин эң эффективдүү булагы катары эсептелген парламенттин аброюн мурда болуп көрбөгөндөй төмөнкү абалга түшүрүп жиберишти! Эми алардын акыркы, 5-сессиясы элге кыпындай дагы жаратмандык иш бере албайт. Алар кайра депутат болуп келүүнүн гана камын ойлошот.

Ошондуктан, канчалык тез тарап кетишсе, карапайым элге ошончолук жакшы болот. Муну баардык прогрессивдүү көз караштагы жарандар көрүп, сезип турушат. Политологияда мындай кырдаалды "аксак өрдөк" деп коёт. Азыркы саясий туруксуз абалдын жаралышына ЖКнын так ушул VI-чакырылышы күнөөлүү! Президент дагы ойлонуп жаткандыр.

Менимче элдин көбү өз тыянактарын эбак эле чыгарып коюшкан. Менимче 2020-жылкы парламенттик шайлоодо алардын ар бирине өз бааларын беришет!, деген Каныбек Осмоналиев "Майдан.kg” гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости