www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыр бардык дипломатиялык ресурстарды колдонуу жолу менен гана оор кырдаалдан чыгуубуз керек», - деди бүгүн, 20-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, эмнеге Тажикстан кечээги кармашта атайын террористтик уюмдарды жалдады? Эмнеге министринин орун басары баш болуп калп айтып, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатышат?

- Эмне үчүн, биздин түбөлүктүү кошуна деп эсептелген тажик бийлигин кайсы кара теке сүзүп, акыркы учурларда тынч жаткан карапайым элибизге бүлүк салып, кыйраткыч агрессиянын жолуна түшүп алышты, белгисиз. 2021-жылдын апрель айындагы тажик тараптын кол салуусунан каза болгон 36 жараныбыздын жана кечээги агрессиядан мерт кеткен 59 бир боорлорубуздун шейит болгондуктары толугу менен тажик агрессорлорунун күнөөлөрү деп эсептейм!

Эки учурда тең Баткенге тажиктердин регулярдуу армиясы кирип келип, бүлүк салышып, жарандарыбызды өлтүрүшүп, каракчылык кылып жүрүштү.

Эми, мына, тажик бийлиги жалданган террористтерди колдонушкан деген версиялар байма-бай айтылууда! Ылайым эле жалган болсун! Бирок, чын болсо, анда кошуналардын арам ойлору бар экен жана булар менен күчтүү тилде гана мамиле кылуу жолу калган окшойт?

Мындан Кудай сактасын! Азыр бардык дипломатиялык ресурстарды колдонуу жолу менен гана оор кырдаалдан чыгуубуз керек! Анда дагы болушпаса кыргыздын көк жалдык касиети деген бар, унутушпасын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости