www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча Агенттигинин болжолдоосуна ылайык, Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2020-жылдын 26-январынан 31-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары жүрүп жатат. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 27-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүп жаткан КР ӨКМ ыкчам тобу жана КР КК ГШ артиллериялык эсеби саат 11:55тен саат 13:46га чейин 246-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) аттыру иштерин жүргүзүп, 40000 м3 кар көчкү түшүрүлдү. Саат 14:10до 231-чакырымындагы (Ала-Бел ашуусу) кар көчкүлөрдү атып түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн чыгып кетишкен.
Иш-чараны КР ӨКМдин ыкчам тобу жетектейт. Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык расчету тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу гана жабылат, унаа жолдор толугу менен жабылбайт.
КРнын Транспорт жана жолдор министрлиги кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө, кар көчкү жолго түшсө, өз убагында жолдорун кардан тазалоону камсыз кылат.
КРнын Ички иштер министрлиги кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү мезгилинде унаа жолдорундагы унаа каражаттарынын кыймылын коопсуз аралыкта убактылуу жабууну жана кар көчкүлөрдүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.
КРнын Саламаттык сактоо министрлигинен артиллериялык расчеттук иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт. Аталган иш-чара КРнын Жарандык коргонуунун башчысы — КР Премьер-министринин буйругунун негизинде аткарылып жатат.
2020-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри – Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын №1 буйрутмасы чыккан.
Булак: NazarNews.kg