www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кулжа районунун токой чарбасына 7 миллион 337 миң 760 сомго балчылык жабдуу жана инвентарлары берилди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн жардам Дүйнөлүк банктын жана Глобалдык экологиялык фонддун каржылоосу менен "КРдин токой экосистемасын интегралдык башкаруу" долбоорунун алкагында ишке ашкан.

"Берилген жабдык жана инвентарларды өлкөнүн алыскы тоолуу аймактарында балчылыкты өстүрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн чаңдаштырууда жана токой чарбасына кошумча каражат булагын табууда натыйжалуу пайдаланууга болот. Алты кассеталык бал тартуучу автомат аппараттан үч даана, бал тартуучу механикалык аппараттан жети даана, беш миң бал алкагы, беш миң даана бал мому, бал аарычынын кийиминин он топтому жана башка жабдыктар алып келинди. Мындан тышкары, аталган долбоордун шарты менен бал челектерди жайгаштыруу үчүн он сотых жер тилкеси тосулду", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, Кара-Кулжа районунун токой чарбасынын аймагы 74 миң 285 гектар, анын ичинен токой аянты 8 миң 215 гектарды ээлейт. Токой чарбасынын аймагында дары чөптөрдүн түрү өсөт. Райондун балчылыкты өнүктүрүүгө толук шарты бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости